Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.12.2018 17:32

Ат-Башыда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кийим таратышты (сүрөт)

Turmush -  3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга майыптар коому тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлүп, тактап айтканда кийим-кече таратылды. Ал эми жергиликтүү бийлик майрамдык концерт тартуулап, 3000 сом бөлгөн.

Ат-Башы районунда 92 адам 1-топтогу, 322 адам 2-топтогу, 121 адам 3-топтогу майып катары каттоодо турат. Алардын арасынан 354 адам 18 жашка чейинкилер болсо, 54 адам шал оорусу (ДЦП) менен жабыркайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×