Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 04.12.2018 15:49

Нарындагы жаштар адам укуктарынын тебеленишине каршы жөө жүрүшкө чыгышты (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтында адам укуктары тууралуу жалпы декларациянын кабыл алынгандыгынын 70 жылдык мааракесине арналып жөө жүрүш жана флешмоб уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канат Кожоев тарабынан уюштурулуп, ага «Жарандык ысым» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам координациялоо борборунун аймактагы өкүлдөрү жана студенттер катышты.

«Парижде 1948-жылы 10-декабрда эл аралык адам укуктарын коргоо боюнча декларация кабыл алынган. Ошол декларациянын 70 жылдыгына карата бир катар иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Биздин баш мыйзам болгон Контитуциянын 16-беренесинде жазылгандай ар бир адам төрөлгөндөн баштап эркиндиги жана укуктары ажырагыс, ар бир адам өзүнүн укуктарын билиши керек», - деди Канат Кожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×