Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.12.2018 15:21

Ак-Талаада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк таратышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген 111 жаранга азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, маданият үйүндө майыптар күнү белгиленип, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочуларга 77 700 сомго алынган азык-түлүктү таратып беришти. Бул каражаттын 51 500 сомун мекеме-ишканалар, 26 200 сомун Баетов айылындагы жеке ишкерлер чогултуп беришкен.

Иш-чарага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, жеке ишкерлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Мындан сырткары «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси тарабынан «Көк бөрү» тасмасы көрсөтүлүп, маданият кызматкерлери чакан концерт тартуулашты.

Райондук администрациянын социалдык тармактарды тейлөө боюнча башкы адиси Жайдарбек Сыдыковдун айтымында, район боюнча жалпы 571 майып жаран болсо, анын ичинен 53 адам 1-топтогу, 319 адам 2-топтогу, 197 адам 3-топтогу майып катары каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×