Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 04.12.2018 14:16

Нарындын аймагына эки тилдеги багыт көрсөтүүчү такталар орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы райондордо кыргыз жана англис тилинде жазылган багыт көрсөтүүчү 32 даана жол такталар орнотулду. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, жол тескөөчүлөр тарабынан 2018-2019-жылкы кышкы туристтик мезгил учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, чет мамлекеттен келген туристтерге жолдо жүрүү шарттарын түзүү максатында Нарын шаары, Кочкор, Ат-Башы райондорунун автобекеттеринде атайын схема карталар орнотулду. Мындан тышкары бардык райондорго жалпы 32 даана кыргыз жана англис тилиндеги багыт көрсөтүүчү жол такталар илинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×