Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.12.2018 22:48

«Жеңеке»: Эки кесиптин ээси Миргүл Айтбаева кайнене-кайнатасынын эрке келини (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 29 жаштагы тургуну Миргүл Айтбаева юрист жана мамлекеттик муниципалдык башкаруу адистигине ээ болгон. Ал жумушка да, үй иштерине да жетишкен эрке келин экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Миргүл Айтбаева Карыбек уул Акматаалы атындагы орто мектебинде окуп, андан кийин Бишкек шаарындагы Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык диплом менен аяктаган. Ошондой эле юриспруденция адистиги боюнча да билим алган. Ал учурда Ат-Башы райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштейт.

«2011-жылы 1-ноябрда турмушка чыктым. Учурда жолдошум экөөбүз 2 баланы тарбиялап жатабыз. Кайната-кайненем педагогдор болгону үчүн абдан түшүнүктүү адамдар, үйдө алардын эрке кызындай элемин. Алар мени жумуштан калбасын деп, колдоп турушат.

Юристтик кесибим боюнча 1 жыл иштедим. Кийинчерээк Ат-Башы райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө 2 жыл иштеп, 2017-жылдан бери паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеп келе жатам», - деди ал.

Анын айтымында, кесиби ары кызыктуу, ары түйшүктүү. Ал эл менен иштегендиктен көп окуяларга туш болот.

«Бош отурбайбыз, элдин жумушун бүтүрүп берели деп шашабыз. Көбүнчө айылдан келген тургундар ишти бат бүтүрүүнү талап кылып, такси күтүп жатканын айтышат. Биз аларга дайыма жардам бергенге аракет кылабыз.

Бир күнү кызыктуу окуяга туш болдум. Ал учурда эски имаратта иштечүбүз. Жетекчибиз, жанымдагы кызматкер да жок болуп, жалгыз иштеп жаткам. Орто жаштагы байке келип эле мени карап туруп калды. Ал байкенин кезеги келип калган, жумушун бүтүрөбү десем унчукпайт. Андан кийин келген кишилер жумушун бүтүрүп кетип жатты. Элдин баары кеткенден кийин "сенин атың ким, кызыма окшош экенсиң, сүйлөгөнүң, баскан-турганыңдан бери окшош" деди. Кызы канча жашта, кайсы жерде экенин сурадым. Ал адамдын кызы 1980-жылы төрөлүптүр, Америкада экен. Анын сүрөтүн көрдүм, бирок өзүмдү аябай деле окшоштурган жокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×