Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.12.2018 22:29

Баткакта төрөгөн аял, киндик эне болгон айдоочу: Фельдшер айымдын окуялары (сүрөт)

Turmush -  Фельдшер Керез Турдакун кызы 21 жылдан бери тез жардам кызматында эмгектенип келет. Ал жумушундагы кыйынчылыктар, ынтымактуу кесиптештери, баткак жерде көз жарган аял, жол кырсыктан кызы чарчап калган эне тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Керез Турдакун кызы 1976-жылы 20-январда Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайда билим алган. Эмгек жолун Ат-Башы районундагы тез жардам бөлүмүнө диспетчер болуу менен баштаган. Учурда аталган бөлүмдү жетектейт. Ал үй-бүлөлүү, 6 баланын апасы.

«1997-жылы турмушка чыгып, иштеп баштадым. Эки уул, 4 кызым бар, кыздарымдын экөө эгиз. Ал эми кесиптештерим тууралуу айтсам, биздин жамаат чакан, ынтымактуу. 4 фельдшер, 4 диспетчер, 4 айдоочу жана 1 кенже кызматкер иштейт. Бири-бирибизди сыйлап, урматтап турабыз. Тез жардам бөлүмүнө ар кандай чакыруулар түшөт. Бир кишиден жакшы, бир кишиден жаман сөз угабыз. Бирде кубанып, бирде кейийбиз. Күнү-түнү иштеп, оор күндөрдү өткөрөбүз. Күнүгө чакыруулар түшөт, өздөрү келип кайрылгандар да бар. Бизди өкмөт дары-дармек менен камсыздайт. Чакыруулар биринин артынан бири түшкөн убакта жетишпей калып, кеч барган учурлар болот. Тоолуу аймак болгондуктан адамдардын кан басымы жогору болуп, жүрөк оорусунан жабыркагандар көп. Милдетибизди аткарып, тез жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз», - деди ал.

Жумуш учурунда ар кандай окуяларга туш болорун айткан фельдшер айым: «Жаз мезгили болчу, күн суук. Чакыруу түшүп, айтылган дарекке айдоочу экөөбүз эле барганбыз. Айдоочу жарыгын күйгүздү, карасам бир аял жерде төрөгөнү калыптыр. Ал баткакта төрөп, айдоочу баланын киндигин кесип, бооруна алып, киндик энеси болгон. Ал аял толгоосу келгенче жүрө берип, ооруканага жетпей калыптыр. Төрөт бөлүмүнө келип, акушерлерге өткөрүп бердик. Ал аял бизге ыраачылык билдиргендин ордуна "тез жардам чакырсам келбей, жолдо төрөдүм" деп айтыптыр. Бирок биз барсак уялып, кечирим сураган. Мындай учурларда айдоочулар да жардам берет», - деди.

Керез айымдын айтымында, жол кырсыктын кесепетинен бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү каза болгон учурлар да катталат.

«Мындай учурларда ичиң ачышып, жаман болосуң. Үйдөн көп эле аялды төрөтүп, аман-эсен алып келген күндөр болот. Биздин көз алдыбызда каза болгондорду үйүндөгүлөрүнө айта албай, жаман болобуз. Бир жолу Торугартта жол кырсык болгону айтылып, чакыруу түштү. Айтылган жерге барсак кырсыктаган эне менен кызды жолдон өтүп бара жаткан унаа алып кетип жатыптыр. Карасам кыз эчак эле каза болуп калыптыр. Ал эми энеси кызынын чарчап калганын билбей, бекем кучактап алыптыр. Каза болуп калган кыз эгиздин түгөйү экен. Ал 1-класста окучу. Апасына кызынын каза болгонун айта албай кыйналганбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×