Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 04.12.2018 11:01 На русском

Жумгалда жер көчкү жүрүп, элге цистерналар менен суу ташылып жатат

Turmush -  1-декабрда Жумгал районунун Миң-Куш айылынын Ыраакы-Миң-Куш тилкесинде жүргөн жер көчкүнүн кесепеттерин тазалоо иштери убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүр казган «Жумгал суу курулуш» ишканасынын аймагында көлөмү болжол менен 600 миң метр куб жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 45 миң метр куб көлөмдөгү жер көчкү Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу унаа жолду жаап калган. Бирок жергиликтүү тургундар үчүн айланма жол бар. Мындан сырткары жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана көмүр казган ишкананын 2 электр мамысы зыян тарткан. Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, бирок үйлөргө коркунуч жок.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Нарындагы куткаруучулары, «Жумгал суу курулуш» ишканасынан 1 «КамАЗ», 1 экскаватор жана 20 адам тартылды. Жер көчкү акырындык менен жылып жатканына байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтоп турат. Көмүр казган ишкана таза суусуз калган элге атайын цистерналар менен таза суу жеткирип жатат. Жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган таза суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми Ыраакы-Миң-Куш тилкесиндеги окуучулардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында жеринде атайын имаратта окутуулар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×