Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 04.12.2018 10:04

«Биз биргебиз»: Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар концерт тартуулашты (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын облустук музыкалуу драма театрында 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата «Биз биргебиз» аттуу майрамдык маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен уюштурулганын аймактык кабарчы билдирди.

Анын жүрүшүндө тагдырдын оор сыноосуна кабылып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүмдүк турмушунан алынган көрүнүш сахналаштырылып көрсөтүлдү. Иш-чарага Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев катышып, майрам ээлерине каалоо-тилек айтып, алар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, коомго салым кошуп жаткандыктарын белгилешти.

Ошондой эле майыптар менен иштешип жаткан коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.Иш-чаранын соңунда ден соолугунан жабыркап турса да, жан дүйнөсүндө өнөрдү аздектеген талант ышкыбоздору өздөрү чыгарган ырларын окуп, бийлеп, музыканын коштоосунда көрүүчүлөргө концерт тартуулашты.

Облуста жалпы ден соолгунан мүмкүнчүлүгү чектелген 11 миң 456 адам бар. Анын ичинен 1802 адам 18 жашка чейинки балдар. Ал эми 324 адам тубаса шал оорусу (ДЦП) менен жабыркайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар облус калкынын 4 пайызын түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×