Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 04.12.2018 09:37 На русском

Айыл турмушу: Ат-Башыга келин болгон уйгур кызы К.Айсаева 16 бала төрөп, баатыр эне аталган (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Кенжекан Айсаева 42 жашына чейин 16 бала төрөгөн. 86 жаштагы баатыр эненин учурда 102 небере жана 24 чөбөрөсү бар.

Кенжекан Айсаева 1931-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси уйгур улутунан болгон. Кенжекан апа 15 жашында Ат-Башыга келин болуп келип, убагында соода түйүнүндө ашпозчу болуп эмгектенген. Ал балдарга таалим-тарбия берип, өрнөктүү өмүр сүргөнү үчүн Кыргызстан аялдар конгрессинин республикалык уюмунун президентинин «Өрнөктүү эне» медалына татыган.

«Үйдө эрке кыз болуп чоңойдум, турмушка чыкканда жолдошум жакшы болгондуктан бир да жамандык көргөн жокмун. Учурда балдарым да жакшы, келиндерим кыздарымдан дагы артык. Бир туугандарым, ата-энем каза болуп калышкан. Ата-энем экөө тең уйгур улутунан болчу. Ата-энем 15 жашымда ат-башылык жигитке турмушка беришти. 42 жашыма чейин 16 бала төрөдүм, азыр кудайга шүгүр 14 балам бар. Эки балам каза болуп калды. Жашоо-турмушум жакшы. 1981-жылга чейин райондук соода түйүнүндө ашпозчу болуп эмгектенгем. Жамандык көргөн жокмун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×