Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 04.12.2018 08:45 На русском

Кочкордо Жогорку Кеңештин маркум депутаты Н.Кадыкеевдин айкели тургузулду (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы «Сейил» гүл бакчасына Жогорку Кеңештин маркум депутаты Нурланбек Кадыкеевдин айкели тургузулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Нурланбек Кадыкеев («Кыргызстан» фракциясы) 2018-жылдын 12-июнунда (48 жашында) күтүүсүздөн каза болгон. Н.Кадыкеев Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде мүчө болчу.

Депутаттын артында 2 баласы калды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 12-июлда АКИpress агенттигине ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков депутат Нурланбек Кадыкеев (Макеев), («Кыргызстан» фракциясы ) каза болгондугун тастыктаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Н.Кадыкеев ал учурда Стамбулда дарыланып жаткан болчу.

Ал 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү.

- 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун аяктаган;

- 1999-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;

- 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолун 1988-жылы Кочкор районунда автоширетүүчү болуп иштөөдөн баштаган.

- 1997-2000-жылдары «Туркуаз» ЖЧКнын башкы директорунун бажы иштери боюнча орун басары;

- 2000-2001-жылдары «Дамла-Транс ЛТД» ЖЧКнын башкы директору;

-2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин астындагы каржы полиция башкармалыгынын жеке коопсуздук бөлүмүндө коопсуздук кызматкери;

- 2002-2003-жылдары Каржы полициясынын Чүй жана Талас облустарындагы башкармалыгында ага коопсуздук кызматкери;

- 2003-2004-жылдары Аймактар аралык башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча 3-бөлүмүнүн башчысы;

- 2004-жылы Финансы министрлигинин алдындагы кирешелер боюнча комитетинин Бишкек бажысынын башчысынын орун басары;

- 2005-2010-жылдары «Манас» бажысынын башчысы;

2015-жылдын 28-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×