Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2018 21:11

Ак-Талаада акимдин кубогу үчүн өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда акимдин кубогу үчүн өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу райондук спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Жыл сайын өтүүчү салтка айланган мелдеште мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер волейбол, кичи футбол жана шахмат боюнча күч сынашты. Мелдештин байге фонду 20 миң сом болгон. Ал эми жеңүүчүлөргө сыйлыктар жыл жыйынтыгында тапшырылат.

Кичи футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:

1-орун — райондук ички иштер бөлүмү;

2-орун — маданият бөлүмү менен «Ыйман» фондунун командасы;

3-орун — райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.

Волейбол:

1-орун — райондук токой чарбасы;

2-орун — райондук электр тармагы;

3-орун — билим берүү бөлүмү.

Шахмат:

1-орун — Нурбек Жолдубаев,

2-орун — Керимбек Молдалиев;

3-орун — Жылдызбек Аппасов.

Буга чейин аталган мелдеш башталганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×