Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2018 16:15

Ак-Талаада веложарыш жана волейбол мелдеши уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата веложарыш жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Биз ВИЧ, СПИДге каршыбыз!» аталыштагы акция өтүп, анын негизинде жаштар арасында веложарыш, окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Жыйынтыгында веложарышта 1-орунду Данияр уулу Нуржигит, 2-орунду Бусурман Шаршенбеков, 3-орунду Нурлан уулу Уланбек камсыздады.

Ал эми волейбол мелдешинде 1-орунду Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду Эсенгулов Карасартов атындагы орто мектебинин командасы, 3-орунду Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин командасы алды. Жеңүүчүлөргө райондук спорт интруктору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары маданият үйүндө СПИДдин келип чыгуу себептери, аны алдын алуу, сактануу жолдору айтылып, окуучулар тарабынан даярдалган дубал гезиттер көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×