Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.12.2018 15:34

Нарында мекемелер арасындагы волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата мекеме-ишканалар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Ага кызматкерлерден куралган 9 курама команда катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эки күнгө созулган мелдеште командалар бири-бири менен кызыктуу оюн өткөрүштү. Мелдештин чечүүчү оюну Облустук ички иштер башкармалыгынын жана Нарын облустук улуттук коопсуздук комитетинин командаларынын ортосунда өттү. Жыйынтыгында ОИИБдин командасы мелдештин кубогун жеңип алышты. Ал эми 2-орунду Облустук улуттук коопсуздук комитетинин, 3-орунду Нарын медициналык колледжинин командалары ээлешти.

Ошондой эле Муктарбеков Дамир «Мыкты оюнчу», Качкымбеков Азат «Мыкты коргоочу», Осмонкулов Темирлан «Мыкты чабуулчу» наамдарына татып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×