Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 03.12.2018 15:16 На русском

Кара-Күңгөйдө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы имараты курулат (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Кара-Күңгөй айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов жана Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Ахмат аль Сулейти катышты.

Кара-Күңгөй айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 1960-жылы курулган бала бакчанын имаратында жайгашкан. Медициналык жактан тейлөөдө имараттын эскилиги көйгөй жараткандыктан Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары бир нече жолу кат жөнөтүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×