Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 03.12.2018 15:08

Эки жолу шайлоо өткөрө албаган Чаек айылдык кеңешине жаңы депутаттар келди. Тизме

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттары кечээ, 2-декабрда шайланды. Шайлоо тынч жана өз нугунда өткөнүн Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Сейнегүл Казакбаева кабарчыга билдирди.

Анын маалыматы боюнча, тизмеде жалпы 7068 шайлоочу бар. Анын ичинен 2978 адам добуш берип, көрсөткүч 42% болду.
Ал эми талапкерлердин катарында мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер жана мурунку айыл өкмөт башчылар менен мектеп директорлору болгон.

21 мандатка жалпы 70 талапкер ат салышкан. Депутат болуп шайлангандардын арасынан 14 талапкер КСДП партиясынан, 1 талапкер «Республика — Ата Журттан» жана 6 талапкер жаштар уюмунан катталган болчу.

Алдын ала чыгарылган болжолдуу жыйынтык:

№4114-4115 Ак-Татыр, Ак-Секи участкалары

1. Азыкбек уулу Чыңгыз 332 добуш алды;

2. Акматов Тынчтыкбек Арстанбекович (391);

3. Биялиев Даир Советович (331);

4. Бозбалаев Залкарбек Үсөналиевич (372);

5. Кожомбердиева Бүбүмалим Алыевна (304);

6. Көчкөналиев Улан Абдылашович (300);

7. Орозобеков Барчынбек Орозобекович (420 добуш алып, экинчи ирет депутат болуп шайланды);

8. Табылды уулу Талгарт (296);

9. Эсенгелдиев Жакия Зарылбекович (319 добуш алып, экинчи ирет депутат болуп шайланды).

№4116 Чаек борбордук участкасы

1. Бийсеев Надырбек Касымбекович (147);

2. Оторбаев Марат Кубанычбекович (146);

3. Саадабаев Тимур Алымбекович (153 добуш алып, экинчи ирет депутат болуп шайланды);

4. Сейдакматов Кубанычбек Сыргакович (196).

№4117 Шортон участкасы

1. Жунушалиев Улан Мелсович (178 добуш алып, экинчи ирет депутат болду);

2. Өмүрбек уулу Мырзабек (201 добуш, экинчи ирет);

3. Шарипов Асылбек Какенович (160).

№4118 - 4119 Кара-Жээк, Беш-Терек участкасы

1. Алымкулов Рустам Темиркулович (235);

2. Мамбетов Самарбек Насранбекович (210);

3. Муталиев Алтай Таштанбекович (250 добуш, экинчи ирет);

4. Токтоналиев Сыргак Автандилович (189);

5. Эсенгулов Зарылбек Абдраимович (219).

Буга чейин Чаек айылдык кеңеши эки ирет айыл өкмөт башчыны шайлоого чогулган эмес. Буга байланыштуу 2018-жылдын октябрь айында таратылган болчу.

Чаек айылдык кеңешиндеги 70 талапкер кимдер? Тизме

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×