Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.12.2018 14:26

Жаш талант: 12 жаштагы Азиза Жумабекова апасынан таасирленип сүрөтчү болду (сүрөт)

Turmush -  12 жаштагы Азиза Жумабекова апасынан таасирленип, сүрөт тартып баштаган. Ал келечекте белгилүү, чындыкты айткан журналист болууну кыялданат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Азиза Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу.

«Мен сүрөт тартканды абдан жакшы көрөм. Кичинекей кезимден баштап эле апамдын тарткан сүрөттөрүн көрүп, мен дагы тарта баштагам. Апам шаардагы педагогикалык колледжде математика жана англис тили сабагынан сабак берет. Ал да сүрөттү жакшы тартат. Сүрөт тартууда фантазия күчтүү болуш керек деп ойлойм. Себеби ар кандай темадагы сүрөттөрдү тартканда ал көркүнө чыгышы керек. Сынактарга 3-классымдан бери катышып, алдыңкы орундарды багындырып келем. Комуз, фортепиано чертүүгө кызыгам. Келечекте элдин көйгөйүн ачыкка чыгарган журналисттердин катарын толуктап же дүйнөгө таанымал дизайнер болууну кыялданам», - деди ал.

Азиза үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×