Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2018 14:01

«Күз периси - 2018»: Жаңы-Талаптагы кичинекей сулуулар (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында кичинекей кыздар арасында «Күз периси - 2018» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка кичинекей кыздар апалары менен бирге катышып, көркөм саламдашуу, өз өнөрүн тартуулоо, күзгү кийимдердин үлгүсүн көрсөтүү жана күзгү даам аталышындагы тапшырмаларды аткарып беришти. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Эркеайым Апилова күз периси аталды. Ал эми 2-орунду Аяна Бусурманбекова алса, 3-орунга Сайкал Курманкожоева ээ болду.

Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×