Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 03.12.2018 13:21 На русском

Нарында жол жээгиндеги соода күркөлөрүн алуу иштери улантылууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында жол жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды, соода күркөлөрүн алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынан билдиришти.

FB_IMG_1543689536251

Аталган ишкана тарабынан 28-ноябрь күнү Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү үйдүн күн чыгыш тарабында жайгашкан «Кенже апа» күркөсү алынган. Себеби убагында ижара акысы төлөнбөгөнү, документтери жок жана мыйзамсыз экендиги аныкталган. Ошондой эле муниципалдык ишкана убагында ижара, жер салык акыларын төлөөнү жана келишимдерди узартып турууну эскертти.

FB_IMG_1543689531687

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×