Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.12.2018 11:14 На русском

Ак-талаалык балбан кыз Калмира Казакстандан күмүш медаль алып келди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жаш балбан кызы Билимбек кызы Калмира эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спортчунун атасы Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, кыз-келиндер арасындагы эл аралык мелдеш Казакстандын Кустанай шаарында өткөн.

«Бул өтө чоң эл аралык мелдеш. Калмира Казакстандын, Өзбекстандын балбандарын жеңип, биринчи орун үчүн болгон күрөштө 2018-жылы Европанын чемпиону болгон орусиялык Виктория Хусейиновага жеңилип калды», - деди Б.Капарбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×