Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.12.2018 09:18 Жаңыланды: 04.12.2018 12:40 На русском

Айыл турмушу: Көп улуттун каны бар Бүбүмайрам апа 5 уулун эки элдин салты менен үйлөндүрдү

Turmush -  Билим берүүнүн отличниги, Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын ардактуу атуулу Бүбүмайрам Юсупжанова көп улуттуу үй-бүлөдөн чыккан адам. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Бүбүмайрам апа 1946-жылы 15-октябрда Нарын шаарында төрөлгөн. 72 жашка чыкса дагы жаштар менен тең тайлаша мектепте башталгыч класстарга билим берип келет. Учурда анын 7 баласы, 14 небере жана 2 чөбөрөсү бар. Анын апасы өзбек кызы болсо, атасы уйгур улутунан.

18 жашында Бүбүмайрам апаны тагдырдын шамалы Ат-Башы айылына учуруп келген. Андан бери ал жашоосунда кыргыздардын дагы, өзбектердин дагы салтын колдонуп келет. 5 уулун үйлөнткөндө да өзбек жана кыргыз салтын колдонгон.

«Мен 18 жашымда Ат-Башы айылына келин болуп келдим. Андан кийин кыз-келиндер окуу жайында окуп келип, 1967-жылы Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине мугалим киргем. Анда азыркыга чейин иштейм. Азыр башталгыч класстарга сабак берем, мектептен кетким келбей эле иштеп жүрөм. Жаш мугалимдер менен бирге иштеп жүрүп, өзүмдү жаш сезем», - деди мугалим.

Анын ата-энеси башка улуттан болгону менен өзү кыргызча тарбия алган.

«Жолдошум 13 жыл мурун каза болуп калды. Ата-энем жөнүндө айтсам, апам өзбек, атам уйгур улутунан. Ат-Башынын ичинде уйгур, өзбек аялдар көп. Алар менен конокко барып калганда өзбекче сүйлөшүп калабыз.

Ал эми балдарым өз турмушу менен алек. 5 кыргыз келин алдым, эч кимге бергис келиндерим бар. Көбүнчө кыргыздын, айрым учурда өзбек салттарын колдонобуз», - деп кошумчалады.

Ал өзбек салты жөнүндө да айтып берди.

«Сүннөт той өткөзөбүз. Бирок өзбектердики бир аз башкачараак. Алар куда-сөөктөрдү аркан менен байлайт. Аялдар сүннөт жасоочу баланы жанына коюп алып акча сурашат, анын энесине сатып аласың дешет. Аларга баланын энеси козу-кой берип же коноктойт. Андан кийин балдарга оюнчук таратылат.

Ал эми келин алганда ортого от жагып, ырдайбыз. Кыргыздарда "Жар-жар" айтылып жатпайбы. Бизде келиндин башына жоолук салып, астынан 2 аял, аркасынан 2 аял жоолукту кармап, отту тегеренип: “Эки бала бактылуу болсун, яр-яр” деп өзбекче ырдашат. Мен балдарымды үйлөнткөндө көбүнчө кыргыздын эле салтарын колдондум, бирок ортого от жактык.

Келинди алып келгенде алдына кездеме салынып, андан эки жаш басып өтөт. Ал кездемени бирөө ырымдап алат. Ким шамдагай болсо, “мен дагы ушундай жакшылыкка жетейин” деп алып калат. Андан кийин жеңелери келинди көшөгөгө киргизбейт, ошол жерден үйлөнчү бала майда тыйындарды жана акчаны келинге жана жеңесине чачат. Эл тыйынга, акчага чуркаганда күйөө бала келинди көтөрүп, көшөгөгө алып кирип кетет. Көшөгөнүн ичине арак ичкендерди киргизбей, молдо кирип нике кыят.

Көшөгөдө чыныдагы сууга 2 боорсок салынат. Жеңеси көшөгөнүн ичинде отурган аялдарга чай куюп, тыйын салынган чыныны сунат. Ал тыйынды алган адам ушундай жакшылыкка жетүү максатында сактап коёт. Мисалы көшөгөдө 20 киши болсо, ар бирине тыйын салынган чыныга чай куюп беришет.

Мен 5 келин алып, алардын ата-энесине кулдук уруп бардык. Кыргыздарда чач өрүү салты бар, бизде ошол эле күнү келиндин жүзүн ачабыз. Ал эми конокко келген аялдар тамактангандан кийин короонун ичинде бийлешет. Ошондо кичинекей кайын сиңдиси бийлеп келип, келиндин бетиндеги жоолукту алат. Келиндин бети ачылып, салам айта баштайт», - деди Б.Юсупжанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×