Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 03.12.2018 07:55

Нарындык Аман Исмаиловдун Оймок бүркүтү Казакстандан баш байгени алып келди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Алыш айылынын тургуну Аман Исмаилов таптаган Оймок бүркүтү Казакстан Республикасында өткөн кушчулардын жарышында биринчиликти багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өзү сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, Алмата калаасында II Азиялык кушчулук өнөр же алгыр куштар боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Оймок 500 миң теңге өлчөмүндөгү баш байгени жеңип алды.

Аталган мелдеш үч күнгө созулуп, 2-декабрда жыйынтыкталган. Ага Моңголия, Түркия, Россия жана Европанын өлкөлөрүнөн мүнүшкөрлөр келишкен.

Буга чейин ушул эле Оймок бүркүтү менен Аман Исмаилов Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Салбурун» фестивалына катышып, 1-орунду алган эле.

Мүнүшкөр 1978-жылы Нарын районунун Алыш айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×