Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 02.12.2018 14:16 На русском

Миң-Кушта жер көчкү жүрүп, суу түтүгүн жана электр мамысын басып калды

Turmush -  Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги көмүр казган ишкананын аймагында жер көчкү түштү. Кечээ, 1-декабрда саат 12:30 чамасында түшкөн көчкүнүн көлөмү болжол менен 35 миң метр кубга жетет, деп маалымдайт ӨКМ.

Жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган. Билдирүүдө айтылгандай, учурда жер көчкү акырындык менен жылып жатат, бирок турак үйлөргө коркунуч жок.

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ аталган дарекке барып, тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындай иш-чаралар улантылып жатат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгы сентябрь айында жер көчкү тууралуу жергиликтүүлөргө эскертүү берилгенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×