Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.12.2018 11:48 На русском

Ат-башылык мергенчилер бир күндө 12 карышкыр, 2 чөөнү жок кылышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районундагы 4 мергенчи 12 баш карышкыр жана 2 чөөнү атып өлтүрүштү. Райондун акиминин орун басары Жумагул Тентимишовдун айтымында, буга чейин карышкырлар күч болуп, жергиликтүүлөрдүн мал чарбасына зыян кылып келген.

Мындай чыгымдардан кийин райондогу мергенчилер менен тургундар уюшкандыкта иш жүргүзүп башташкан.

«Быйыл Ат-Башы районунда карышкырлар көптөгөн бодо малды жеп кетти. Буга байланыштуу райондун жергиликтүү мергенчилери, калкы биригип, кыштоодогу карышкырларды жок кылуу аракеттерин башташты. Жыйынтыгында бир күндө эле (1-декабрда) 4 мергенчи жалпы 12 карышкыр, 2 чөө атып келишти. Комиссия корутунду чыгарып, мергенчилерге сыйлык берүү боюнча керектүү документтерди толтурдук», - деди Ж.Тентимишов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×