Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 30.11.2018 11:30

«Адам сатууга каршы 100 күн»: Нарында өспүрүмдөр арасында хоккей уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы муз аянтчасында «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын алкагында өспүрүмдөр арасында хоккей оюну болуп, жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга белектер тапшырылды.

«Биз буга чейин ар кандай иш-чараларды өткөрүп келгенбиз. Мына бүгүн облусубуздун жаш хоккейчилери арасында мелдеш уюштурдук. Мелдеш абдан кызыктуу болду. Нарын шаарынан "Шумкарлар" жана Нарын районуна караштуу Кеңеш айылынын командалары ат салышты. Иш-чаранын башында адам сатуунун алдын алуу боюнча жаштарга маалыматтар берилди. Ошондой эле, Нарын облусунда жаңыдан түзүлүп, машыгууларын өткөрүп жаткан кыздар муз үстүндө бийлеп, өз өнөрлөрүн тартуулашты», - деди уюштуруучу Ж.Ражапов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×