Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.12.2018 21:26 На русском

Айыл турмушу: Гүлбаарым Калмамбетова 36 жашында онунчу баласын төрөп, баатыр эне аталган (сүрөт)

Turmush -  Эңсеген кесибине ээ боло албай калган Гүлбаарым Калмамбетова 11 баланы өстүрүп, бактылуу эне болду. Анын учурда 21 небере жана 1 чөбөрөсү бар. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Гүлбаарым Калмамбетова 1953-жылы Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин эле турмушка чыгып, 36 жашында 10 баланын апасы болгон. Ал эми 45 жашында дагы бир бала төрөгөн.

Бала кезинен медицина кызматкери болууну эңсеп, бирок кыялына жете албай калды. Ал апасынан калган кол өнөрчүлүктү улантып, шырдак жасап, курак курап, сайма саят.

«Мектепти жакшы окуп бүттүм, кыздар арасында тазалык секторунун башчысы болчумун. Медицина кызматкери болгум келчү. Нарындагы медициналык окуу жайга тапшырайын деп жатканда турмушка чыгып кеттим. Бирок учурда мен бактылуу энемин. Балдарым кашымда, ыймандуу, алар өз жолдорун табышты.

"Эненин таманында бейиш бар" деп айтылат. Эне бейиштик болушу үчүн өзү ушак айтпай, балдарды тазалыкка, тартипке, ыймандуулукка тарбиялашы керек. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей, кийин балдар да эненин өзүндөй болот. Спирт ичимдигин ичкен келиндер бар. Алар балдарды кантип тарбиялайт? Биздин үй-бүлөдө 4 уулум намаз окуйт», - деди баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×