Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 30.11.2018 09:20 На русском

Нарын районундагы жетим балдарга кышкы кийимдер берилди

Turmush -  Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын демилгеси менен «Балдарга камкордук» акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу башкармалыктын бөлүм башчысы Илимбай Жанбоев билдирди.

Маалым болгондой, акциянын алкагында жардамга муктаж балдарга ар кандай материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

«Демөөрчүлөрдү таап, алардын жардамы менен райондогу 30 томолой жетим баланын ар бирине 3000 сомдук, жалпы 90 миң сомдук кышкы жылуу кийимдер таратылды. Үй шарты начар балдарга ар кандай окуу куралдары берилди. Ошондой эле алыскы Кара-Кужур өрөөнүндөгү жашаган балдарга да жардам көрсөтүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×