Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.11.2018 15:39

Ак-Талаанын Чолок-Кайыңды айылында 3 млн сомго футбол аянтчасы курулууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Чолок-Кайыңды айылында бардык шарты бар футбол аянтчасы курулуп, ишке берилүү алдында турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенова билдирди.

Анын айтымында, спортук аянтчанын курулушуна 3 млн 153 миң сом сарпталды.

«Футболдук аянтча дем берүүчү гранттын эсебинен салынууда. Жалпы суммасы 3 млн 153 миң сомдү түзүп, жергиликтүү тургундар тарабынан өздүк салым катары 549 миң сом каражат кошулду. Футболдук аянтча бардык шарты менен, тактап айтканда көрүүчүлөр үчүн отургучтар, кийинүүчү, жуунучу бөлмө, ажатканасы менен курулду. Жакын арада ачылыш аземи өтөт», - деди Г.Учугенова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×