Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 28.11.2018 23:01

Бала тили — бал: Тамак үчүн бала бакчага келем, - 2 жаштагы Акылбек

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 2 жаштагы Акылбек Токтогулов.

- Атың ким?

- Акылбек.

- Канча жаштасың?

- Мен мынчамын 1 (колу менен көргөзүп).

- Сенин атыңды ким койду эле?

- Мамам эй.

- Жагабы сага атың?

- Жагат эй.

- Сен кимге окшошсуң?

- Мамама эй.

- Апаң сулуубу же атаңбы?

- Мамам чулу эй. Акыльдуу мамам.

- Үйдөн сени ким урушат?

- Мамаком.

- Эмне деп?

- Жөнле упугам ей мамам (жөн эле урушпайт). Мен эметкенде упугат. (Тентек кылганда урушат).

- Нарын каякта?

- Бил жакта ей.

- Нарын деген эмне?

- Ал меники. Менин көчөм ал.

- Сага кайсы мультфильм жагат?

- Маша (Маша жана Аюу).

- Ал сени тааныйбы?

- Оба ей күнүгөле телезойдон көйөт мени.

- Сага кандай кыздар жагат?

- Мага Айбике жагат. Ал ыйлайт да ошого. Анын чачысы чулу ей.

- Бала бакчадан эмне кыласың?

- Кофе ичем, каша жейм тамак үчүн келем бияка. Сиз кайдан келдиңиз?

- Алыс жактан.

- Мояктанбы? (тоону көргөзүп). Мен экидеминда анан кулагым чоң ей.

- Эмнеге?

- Мен чоң болгондо кулагымда өсөт ей.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×