Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 29.11.2018 08:01

Айыл турмушу: Окуучуларга көчөдөн сабак өткөн Ж.Чолпонбаевдин небереси «Мыкты хореограф» наамы менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагыдай окуучуларга сырттан сабак өтүп, кийин ысымы Нарын шаарындагы №10 орто мектепке ыйгарылган Жапар Чолпонбаевдин небереси — 46 жаштагы Динара Чолпонбаева чоң атасынын жолун жолдоп, В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында окуучуларга бийден сабак берет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, 25 жылдан бери бий менен алектенип, аталган мектепте 2011-жылдан бери эмгектенип келет.

«Менин чоң атам Жапар жана апам Шайкүл экөө тең мугалим болушкан. Мен дагы алардын жолун жолдоодомун. Бала чагым Нарын шаарында өтүп, ушул мектепти аяктагам. Тагыраак айтканда, В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясын бүткөм. Окуучу кезимде эле бийлөөгө кызыгып, 2-классымдан бери "Алтын балалык" бий тобунда бийлеп, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келгем. Окуумду бүткөн соң 1991-жылы шаарыбыздагы педагогикалык колледжинин мектепке чейинки даярдык жагын аяктадым. Ушул эле жылы бала бакчада тарбиячы жана Киров мектебинде иштегем. 2006-жылы Ак-Талаа районунда балдарга билим берүү борборунда 3 жыл, Жумгал районунуна караштуу Чаек айылынын мектебинде 1 жыл иштеп, Нарын шаарындагы балдар билим берүү борборунда жана М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында актёр, актрисаларга бийден сабак бердим. Азыркы тапта 2011-жылдан бери жогоруда аталган мектеп-гимназиясында окуучуларга бий ийриминен билим берип келүүдөмүн. Учурда 40 окуучум бар. Аларга бийдин түрүн үйрөтүп, "Камбаркан" бий тобун түзгөм. Көбүнчө улуттук бийлерге басым жасайбыз. Шакирттерим бүгүнкү күнгө чейин кароо-сынактарга катышып, дайым 1-орунду алып келишет. Алар муну менен гана чектелбестен буйрутма менен тойлордо жана концерттик иш-чараларда бийлеп, кошумча киреше табышат», - деди ал.

Динара Чолпонбаева: «Кыздар менен иштөө абдан кызыктуу жана күлкүлүү окуяларга байма-бай кабылабыз. Алардын бирин эске салсак, биздин шаарыбызга белгилүү эстрада ырчыларынын бири Даниэль концерт коюп келип калды. Бизге ырчылар келгенде, "Камбаркан" бий тобун артына бийлеп берүүгө чакырышат. Даниэль сахнага ырдап чыгып кетти. Окуучуларымдын бир-экөөсү толук кийинүүгө жетишпей калып, бут кийимчен сахнага чыгып кеткен эле. Ошондо Ж.Атаканова алып баруучу болуп келген. Ал кыздардын бут кийимчен бийлегенин көрүп, "чеч эле чеч" деп кыйкырып жатты. Анын сөзүн бүт зал угуп, күлкүгө калган элек (күлүп).

Бала кезимден бери бийлеп келгендиктен бий кыймылдарынын кээ бирин оюмдан чыгарам. "Камбаркан" бий тобуна чейин Ак-Талаа районунда иштеп жүргөндө "Назик" бийчилер тобун уюштуруп кеткем. Учурда ал топтун аты алмашса керек», - деди ал.

Хореограф мындан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Бардык эле аялзатындай кол өнөрчүлүк менен иштөөгө кызыгам. Жумушумдан тышкары буйрутма алып, улуттук баш кийимдерди жана жаңы жылдык беткаптарды тигем. Ошондой эле 2012-жылдан тарта Нарындын "Миссис жана мистери" сынагын бүгүнкү күнгө чейин уюштурам. Буга кызым түрткү болгон. Эки кызым бийлөөгө кызыгып, бийлешет. Бирок башка кесиптин ээлери. Алардын бирөөсү Кытайдын Гонконг шаарына чейин барып, 6 ай бий боюнча билим алып келген. Учурда ал кызым 23 жашта. Алдыда "Камбаркан" аттуу кыргыз бий театрын ачууну пландоодомун», - дейт ал.

Д.Чолпонбаева шаардык, райондук, облустук жана билим берүү министрлигинен ардак грамоталары менен сыйланып, быйылкы жылы «Мыкты хореограф» наамын биринчилерден болуп алды. Ал 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×