Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 27.11.2018 23:07

Айыл турмушу: Социолог Ж.Бакасова түймөчүлүк менен Ат-Башы элине таанылган (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Жылдыз Бакасова 11 жашынан тартып эле кол өнөрчүлүккө, тактап айтканда түймөгө кызыгып баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 5-класс кезимен эле жүндөн кийим түйүүгө, сайма саюуга кызыгуум артып, Нарын шаарындагы балдар билим борборундагы атайын ийримге катыштым. Ал жерден сайма сайганды, жүндөн кийим токуганды үйрөнүп алдым. Кызыгуум күч болуп турган учурда кездеменин бетине сайма сайып, килемче даярдагам. Кийин өткөөл куракта кийим токуганды таштап койдум. Турмушка чыгып, улуу кызым төрөлгөндө ага жүндөн кийим токуп берип баштадым. Менин түйгөн кийимдеримди көргөн жакындарым буйрутма бере баштады. Мына ошондон тартып түймө түйүүгө кайрадан кызыгуум арта баштады.

Кесибим социолог. Айыл жергесинде жумуш жок болгондуктан көбүнчө убактымды түймөгө арнайм», - дейт Жылдыз Бакасова.

Жылдыз Бакасова: «Учурда элден жаздыкчага, байпак, баш кийим жана башкаларга буйрутма алып жатам. Ал эми баалары кийимдин көлөмүнө жараша болот. Ушул жылдын май айында район боюнча "Жез оймок" кароо-сынагына катышып, 3-орунду ээледим. Бул кароо-сынактан билбеген нерселерди ала алдым. Бул өнөр үй-бүлөбүздүн киреше булагы десем да болот», - деди ал.

Жылдыз Бакасова 3 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×