Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 27.11.2018 17:06

Нарындык Элдияр телефон менен тасма тарып, республикалык сынакта «Мыкты оператор» аталды (видео, сүрөт)

Turmush -  Элдияр Кубанычбек уулу III республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалына катышып, «Мыкты оператор» аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу бул наамды «Оюнчу» аттуу тасмасынын артынан менен алды. Ал тасманы телефондун жардамы менен тарткан.

Кубанычбек уулу Элдияр 2003-жылы 8-октябрда Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Беш бир тууган, эки иниси жана эки карындашы бар.

«Атам чарбачылык менен алектенет. Апам болсо биздин айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Тасмам тууралуу айтсам, сыналгыдан сынак жарыяланып жатканын көрүп калдым. Андан соң, бул сынакка катышууну пландадым. Буга чейин клипке тартылып, тасма тартууга кызыгуум пайда боло баштаган.

Былтыр ушул эле сынакка "Ааламга жол айылдан башталат" деген темада даректүү тасма жиберип, тилекке каршы утпай калгам. Быйыл болсо "Оюнчу" деген тасма тартып, финалга чыктым. Финалдан "Мыкты оператор" номинациясын жеңип алдым. Чынында жеңиш күтүүсүз болду, аябай толкундандым», - деди.

Элдияр Кубанычбек уулу: «Тасма тартууда албетте кыйынчылыктар болду. Ар бир кадрды кайталап тартууга туура келди. Тасманын негизги максаты – балдарды суицидге алып келүүчү интернет оюнун ойнобоого чакыруу. Тасманын тартылышы 3-4 күнгө созулду», - деди ал.

Элдияр учурда тажрыйба топтоо максатында жаңы сценарийдин үстүндө иштеп жаткандыгын жана декабрь айынын аягына чейин дагы бир тасма тартууга аракет жасарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×