Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 27.11.2018 13:25

«Артист болгондон көрө, чачыңды тың өрүп алчы»: Эжейинин сөзүнөн кийин кыялы өчкөн А.Абакирова белгилүү ырчыларга билим берген

Turmush -  Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында 45 жыл эмгектенген 67 жаштагы мугалим Алтынбүбү Абакирова аталган мектептин эң улуу муундагы мугалими болуп эсептелет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мугалимдик кесиптен тышкары бөдөнө багып, гүл өстүрүп кошумча киреше табат.

«Мен 1972-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык колледжинин башталгыч класстардын мугалими жагын аяктасам, ал эми 1981-жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин сырттан бүтүргөм. Алгачкы эмгек жолумду 1972-жылы Нарын районунуна караштуу Жаңы-Талап айылынан баштагам. Ал жакта бир жыл эмгектенгенден кийин, шаарыбызга келип, аталган мектеп-гимназиясына лаборант болуп орноштум. Ал кезде кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактары кирчү эмес. 1979-жылы кыргыз тили тобу ачылып, ошондон азыркы күнгө чейин жогоруда аталган сабактардан окуучуларга билим берип келүүнүн үстүндөмүн. Буга чейин шаарыбызда орус улутундагы офицерлер жашачу. Алардын балдарын окутуп, 3 жылдын ичинде алар 70-80 пайыз кыргыз тилинде сүйлөп калышкан. Алардын тили жаш балдардыкындай таттуу болгондуктан кээде бетинен өөп жибергим келчү. Ошондой эле азыркы тапта сыймыктанган окуучуларым абдан көп. Алардын кээ бири менин жолумду жолдоп мугалим болсо, айрымдары жеке ишкер жана белгилүү эстрада жылдыздары. Мисалы, Асель Турдалиева жана Жийдеш Идирисова.

Карыган сайын алдан-күчтөн тайып, ден соолук начарлай баштайт экен. Бирок мектепке келгенде маанайым ачылып, балдарды көргөндө кадимкидей ооруган жерим айыгып кетет. Ушунча жылдан бери эмгектенип жүрүп, ызы-чууга деле көнүп калганбыз. Окуучулар менен иштөө абдан кызыктуу. Кээде урушабыз, кээде каткырып күлүп ойноп калабыз (күлүп). Учурда башталгыч класстын класс жетекчисимин», - деди ал.

Мугалим бала кезинде ырчы болууну кыялданчу.

«Мен кичинекей кезимде артист болом деп калчумун. Абдан жакшы ырдачумун. Азыр деле ырдайм. Мектептин атынан ыр-кеселерге катышып келем. Окуучу кезимде, бир күнү эле мектептен мугалимибиз "келечекте ким болосуң?" деп баарыбыздан сурап калды. Мен артист болом десем. Мугалим каткырып, "артист болгонду эмне кыласың? Чачыңды тың өрүп алчы" деген сөзү катуу тийип, ошондон кийин артист болом дебей калгам. Ким билет? Мүмкүн азыр ырчылык кесипти аркалап жүрмөкмүн. Ал кезде биздин чоң энелерибиз чачыбызга айрандан шыбап өрүп коёр эле. Аны менен бир жума жүрчүбүз.

Мугалимдик кесибимден сырткары гүлдүн түрүн өстүрүп, аларды 100 сомдон жогору баалайм. Ошондой эле гүл өстүрүүнүн сырларын жаш кыз-келиндерге айтып, кеңешимди берем. 2011-жылы инсульт болуп ооругам. Ошондо бөдөнөнүн жумурткасы дары дегенинен, бөдөнө алып бага баштаганбыз. Анын жумурткасы ашказан жарасына, инсульт оорусуна кабылгандарга жакшы жана иммунитетти жогорулатып, кан басымды нормалдаштырат. Биз бөдөнөнү 100-120 сомго, ал эми жумурткасын 6-7 сомдон баалайбыз», - дейт ал.

А.Абакирова көптөгөн сыйлыктардын ээси жана «КРнын эл агартуунун отличниги». Анын жолдошу Калыйкул Ысыралиев экөөнүн баш кошконуна 47 жылдын жүзү болду. Алардын 3 кыз, 2 уулу, 12 небереси, 2 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×