Бала тили — бал: Биздин эжебиз Майсалбектин апасына кат жазган, - эгиздер Усман менен Салман (сүрөт)
Turmush - Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылында жашаган 5 жаштагы эгиздер Усман менен Салман.
- Атыңар ким?
- Салман, Усман.
- Канча жаштасыңар?
- Беш.
- Канча бир тууганыңар бар?
- Эки эгиз.
- Кимиңер улуусуңар?
- Мен, мен (кошо жарышып кыйкырып).
- Силер чоңойгондо ким болосуңар?
Усман:
- Мен чоң Усман болом же эчтеке болбойм.
Салман:
- Мен өрт өчүргүч болом.
- Алар эмне кылышат?
- Жашыл үйлөргө суу чачышат.
- Усман мугалимдер эмне кылышат?
- Окуучуларды окутушат.
- Салман милициялар эмне кылышат?
- Жаман кишилерди түрмөгө камайт.
Усман:
- Милиция бары бир деле жакшы да.
- Доктур эмне кылат?
Усман:
- Ооруган малдарга ийне саят. Аны доктур байке дейбиз.
- Президент ким экенин билесиңерби?
Салман:
- Оба.
- Ким?
- Билбей калдым.
Усман:
- Чыңгыз Айтматовду айтып берейинби?
- Ооба, ал ким?
Салман:
- Апасы төрөгөн.
Усман:
- Атасы Төрөкул Айтматов, ал жазуучу болгон. Апасы мугалим болгон. Өзү да жазуучу болгон. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына үйрөнүп алгам.
- Силерге ким айтты?
- Нуржан эже.
- Ал ким?
- Садикте иштейт. Ал Майсалбекти билет. Ал апасына кат жазган.
- Силерге кандай кыздар жагат?
Усман:
- Мага Маку.
Салман:
- Мага Хаду. Алар садикте.
- Силер эгиз экенсиңер, силерге окшош кыздар жагабы?
Усман:
- Оба чоңойгондо эгиз кыздарды алабыз. Бирок Сакуну жакшы көрөм.
Салман:
- Мен Хадуну.