Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуЖумгал району 27.11.2018 10:21

Чаекте уктоочу бөлмө өрттөнүп, 56 жаштагы адам жабыркады

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында турак үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы адам денесинен күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен жабыркаган 1962-жылы туулган К.А. райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле өрт учурунда уктоочу бөлмөнүн 15 чарчы метр шыбы жана кийим-кечелер күйгөн.

Өрткө электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×