Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуНарын району 27.11.2018 09:16 На русском

Видео, сүрөт — Нарындагы эшек менен көк бөрүгө түшкөн «Акшумкарлар»

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылындагы 5-6-класстын окуучулары эки жумадан бери эшек менен көк бөрүгө түшүшүүдө. Аймактык кабарчы жаш көк бөрүчүлөрдүн оюнуна жеринен күбө болду.

Бул окуучулар сабактан тарагандан кийин эки командага бөлүнүп, күнүнө бир маал көк бөрүгө түшүүнү адат кылып алышкан. Алар келечекте көк бөрү боюнча чоң команда түзүп, айылынын атагын алыска таанытууну максат кылышууда.

«Биз эки жумадан бери сабактан тарагандан кийин эки командага бөлүнүп ойнойбуз. "Акшумкар-1" жана "Акшумкар-2" деп эки командага бөлүнүп алганбыз. Бул оюнга баарыбыз кызыгабыз. Келечекте чоң команда түзүп, айылыбыздын атын алыска таанытабыз. Ат менен ойнойлук десек, ар бирибизде жылкы жандыгы жок. Көбүнчөбүздө эшек бар. Мындан улам эшек менен ойноп жатабыз. Эшек кичирээк болуп, бизге ыңгайлуу дагы. Азыр ушинтип даярдана берсек, кийин жакшы ойноп калабыз», - дейт Эки-Нарын айылындагы окуучулардан түзүлгөн эки команданын капитаны 11 жаштагы Дастан Асанкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×