Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусу, Нарын 27.11.2018 08:51 На русском

Аллергиядан каза болгон окуучусун унутпай... Модадан кетпеген адамгерчилик: Нарындык А.Ташмамбетованын мугалимдик дүйнөсү (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 56 жаштагы тургуну Айнагүл Ташмамбетова 33 жылдан бери мектепте англис тилчи мугалим болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, Нарын шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 8 бир тууган

Мектепке арналган өмүр

1979-жылы В.Чкалов атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1984-жылы Улуттук университетинин чет тил факультетин бүттүм. Эмгек жолумду Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинен баштадым. Азыркыга чейин бир гана жерде эмгектенем. Нарын шаарын абдан жакшы көрөм. Ушул мектептен эч жакка кете алган жокмун. Тузу абдан оор экен, кетем десең да кете албайт экенсиң. Учурда орус тилинде билим алган 6-«Б» класстын класс жетекчисимин. Балдар менен иштеген абдан жагат, өз кесибимди абдан жакшы көрөм.

Каза болгон окуучуну унутпай

1985-жылкы балдарды бүтүрүп калдым. Алар 11-классты 2003-жылы бүтүштү. Алар менен Салкын-Төргө эс алууга бардык. Балдарым улак союшту. Бышырып жатышат. 2 мугалимди алып алгам. Салкын төрдө жаан болуп, шамал ура баштады. Баягы балдар эт бышырып жаткан шорпого чоң таш түшүрүп алышты. Тамакты таш менен кошо алып чыгып, ошол жаанда жегенибиз эсимде. Жаанда Нарынга жете албай убара болгонбуз. Ушул күн эсимден кетпейт.

Бир гана кайгылуусу ошол класстагы Жоомарт деген окуучум 10-класста каза болуп калган. Ченебеген сонун бала болчу. Комада 10 чакты күн жатып эле каза болду. Дарыгерлер «антибиотике аллергия болгон» деп айтышыптыр. Жоомарт быйыл 33 жашка чыкмак.

Абышка-кемпирдей сүйлөгөн балдар

Мектептен сырткары бир жакка чыкканда баланын кандай экендиги билинет экен да. Ар бир бала өзүнчө дүйнө. Тентектер толтура. Кээ бир баланы карасаң абышка-кемпирдей сүйлөйт. Акыл-эси, ой жүгүртүүсү чоң кишилердей балдарга аябай таң калам.

Адамгерчилик эч качан модадан кетпейт

Жашоодо Ч.Айтматов айткандай күнүгө адам болуш керек деген ураандын алдында жашайм. Күнүгө эмес, саат сайын, секунд сайын адам болуу керек. Адамгерчилик эч качан модадан кетпейт.

Мугалим айым үй-бүлөдө 3 кыз, 7 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×