Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуКочкор району 26.11.2018 11:07

Айыл турмушу: 15 жашында чаар жылан менен алышкан Шеримбек ата сексенден ашканда таштан тосмо жасады (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын 85 жаштагы тургуну Шеримбек Өмүркалиев 50 сотых чарбагын таш менен тосуп чыккан. Аксакал менен аймактык кабарчы таанышты.

«1950-жылдары Ак-Таш короо деген жерде Кадыраалы деген эчки баккан туугандарыбыз баласы Кубатбек экөөбүздү мал кайтарганга жиберди. Июнь-июль айлары эле. Кубатбек эчкинин артында, мен алдындамын. Тоонун бетинде чекенденин арасында тоо пияз өсүп туруптур. Ошону жулайын десем кара чаар жылан чыга калды. Бутумду чактыбы, бирок кийизден жасалган сырты кайыш чокойго тиши кирбеди окшойт. Чочуп кетип чоң ташка секирип чыгып, таш алдым. Жылан да ташка сойлоп чыкты. Ары качсам башын өйдө көтөрүп, мени карай сойлоп келе жатат. Кууп жетип чагабы деген ойдо эшик-төрдөй алыстап туруп, таш менен урдум. Тийбей маңдайына түшүп, топурак чачырады. Кайрылып, ийинге башы кирип баратканда чуркап жетип, куйруктан кыпчый бастым. Куйругунан кармасам колума ороло түштү. Мен да ороп тарттым. Жылан күчтүү болот экен. Эки элидей сууруганда белим ооруп кетти. Териси кырсылдап, колум тердеп, алым кете баштады. Белден басып туруп, колумду топурак менен сүрүп кайра тарттым. Бир саатка чейин алышып, акыры колдон суурулуп кирип кетти. Жылан адамдын күчүн алып коёт деген чын окшойт. Баягыдай ашкан-ташкан күчүм жоголду. Элде “жыланды ийинден ким тартып чыгарса, ал жыландын күчүн алат” деп айтылган сөз бар. Менин жылан менен тартышканымды уккан адамдар айтышты.

Ботокан Калмакы уулунун үйүнөн саргалдак уруусунан бир адам (ысмын унутуп калдым) өгүз минип келе жатса алдынан чоң кара чаар жылан сойлоп чыгып, ийинине кирип бара жатканда буту менен басып, канжыга менен белинен байлайт. Экинчи канжыгага куйругун ороп байлап өгүз менен тарттырат. Ошондо да чыгара албай, акыры ийиндин чекесинен чоң табактай топурак кошо омкорулуп, жыланды тартып чыгыптыр. Аны укканда “аттиң, бели чыга түшкөндө курч таш менен жанчып салбай” деп өкүндүм», - дейт Шеримбек Өмүркалиев.

Шеримбек Өмүркалиев союз мезгилинде жылкы багып жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Бээ байлаганда кулун, тайларды шыйрактан кармап желеге байлачу. Адамдар жыгылып кетип колун чыгарып алса ордуна салып койгон, балдарды ырымдаган жөндөмү да бар. Жашы сексенге келгенде 50 сотых чарбагын жалаң таш менен өзү жалгыз тосуп чыккан. Анын тегерегине бактарды отургузган. Оор таштарды көтөргөндө белинен жабыркап, Бишкектен операция жолу менен бир омурткасын алмаштырган.

Азыр 85 жашта. Бир уул, үч небереси бар. Уулу Тахир Россияга иштеп кеткендиктен, чарбаны өзү карап, үндүк, тоок жана мал багат.

«Адамга кыймыл керек, колдон келсе кыймылдап турсаң ден соолук чың болот экен», - дейт Ш.Өмүркалиев.

Байбичеси Эпкин ден соолугуна байланыштуу үйдө. Келини Эстебес кызы Жаңыл Шеримбек атанын колуна кол, бутуна бут болуп, чарба иштерине кол кабыш кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×