Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 23.11.2018 18:15

«Атканадан айырмасы жок»: Ак-Талаа райондук санитардык көзөмөлдөө борборундагы кызматкерлердин арманы (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун имараты кулап калуу коркунучунда тургандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган борбордун бактериологиялык лаборатордук изилдөөлөр бөлүмүнүн имараты 1957-жылы курулса, ал эми административдик имараты 1967-жылы курулган. 61 жылдан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түздөөдөн өтө элек имараттын бүгүнкү күндөгү абалы атканадан айырмасы жок. Имарат түштүк тарабына кыйшайып, шиферлери сынгандыктан, жамгыр жааган сайын имараттын ичине суу кирет. Анын кесепетинен полдору чирип, адам басканда солкулдап турат. Ал эми эшик-каалга, терезелери чирип бүткөн. Ичи илгерки темир мештер менен жылытылат. Ошондой эле имараттын пайдубалдары жерге чөгүп көрүнбөй калса, дубалдарынан тамтык жок жарака кеткен. Мына ушундай имараттын ичинде иштөө кызматкерлердин өмүрүнө кооптуу абал жаратууда.

«Имараттын курулганына жарым кылымдан ашык убакыт болуптур. Абалын көрсөң ыйлагың келет. Болбосо мында иштегендер башка мекеме-ишканаларды, дүкөн жана башкалардын тазалыгын текшерген мекемебиз. Имаратыбыздын абалы бул болсо башкаларды текшерүүдөн деле уялат экенсиң. Жаан-чачын күндөрү ичине тамчы тамат. Ал учурда тамчы тамган жерлерге чака-таштек коюуга аргасыз болобуз. Үнүбүздү уккан, көйгөйүбүздү көрүп койгон жан жок», - деди анда иштеген кызматкерлер.

Шаар куруу жана архитектура боюнча Нарын облустук башкармалыгы тарабынан аталган имарат инженердик изилдөөдөн өтүп, 80% жараксыз деп табылган. 5-6 жылдан бери далай жолу жогору жакка кайрылуу каттары жазылып, келген бийлик өкүлдөрүнө көйгөй көргөзүлгөнү менен ушул убакытка чейин алгылыктуу жооп дагы, аракет дагы, жылыш дагы боло элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×