Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.11.2018 13:39

Айыл турмушу: 10 баланын энеси С.Сакбаева кыл аркан эшип, киреше таап келет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну Селийман Сакбаева 10 баланын апасы. Ал үйдө бош отурбай, кылдан аркан эшүүнү өздөштүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Селийман Сакбаева Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Бирлик айылында 1952-жылы төрөлгөн. Ал мектепти аяктап, ошол эле айылдагы тургунга турмушка чыккан.

«Мен 18 жашымда турмушка чыктым. Колхоздун майда жумуштарында иштедим. Тактап айтканда, жолдошум экөөбүз малчы болдук, дыйкан чарбада иштедик. Жолдошум тракторист болчу. 10 балам бар: 3 уул, 7 кыз. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып, кыл аркан боюнча жарышка түшүп, сыйлык алдым. Ал деле сыймык экен. Бул өнөрдү үйрөнөм дегендерге үйрөтөм.

Кыл аркандын жарым метрин 35 сомдон жасайм. Бир боз үйдүкү 4000 сом болот. Колумдан келген оокаттарды жасап жатам. Азыркы учурда эң кичүү небереме шырдак жасап жатам. Кыздарым дагы менин өнөрүмдү улантууда», - деди ал.

Селийман Сакбаева: «Менин апам дагы кол өнөрчү болчу. Кийин мен дагы жасап көрсөмбү деп жасасам, колдон келет экен. Мурун кыргыз эли кыл менен иштечү, кийин эле кооз жиптер пайда болбодубу. Айылдын балдары тай туяктарынын кылдарын иштетиңиз деп алып келип беришет. Боз үйгө деп буйрутма беришет. Бош болуп калганда түймө түйөм, чылбыр эшип бериңиз деп калышат. Улакка түшкөндөргө аны жасайм», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×