Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусу, Нарын 23.11.2018 09:23

Талкаланган айкел, уурдалган унаа менен сүзүлгөн тосмо: Нарында коомдук жайларга зыян келтиргендер аныкталды

Turmush -  Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан коомдук жайларга зыян келтирген фактылар аныкталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын шаардык мэрия ички иштер бөлүмүнүн маалыматына таянып билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын октябрь айында Нарын шаарынын Городок аймагындагы «Жаштар» гүлбагында жайгашкан «Нарын» айкелинин «а» тамгасы белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, окуучу кыздар талкалагандыгы аныкталган. Мындан тышкары, белгисиз адамдар тарабынан «Субару Легаси» автоунаасы уурдалып, аны айдай качкан адам «Жаштар» гүлбагынын тосмосун сүзүп токтогондугу аныкталган. Сентябрь айында 64 аймагындагы Москва, Ат-Башы көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Таза Нарын» ишканасына караштуу жол чырагын белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

«Иликтөө иштеринин негизинде күнөөлүүлөр аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×