Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуНарын району 22.11.2018 17:49 На русском

Нарында бир жумадан бери изделип, кечээ жансыз денеси табылган Азирет мектептин премьери болгон

Turmush -  Нарын районунда бир жумадан бери изделип, кечээ, 21-ноябрда жансыз денеси табылган 15 жаштагы Азирет мектепте мыкты окуган окуучулардын бири болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы Калыгул Жусупов атындагы мектептин директору Гүлайым Исакова билдирди.

Анын айтымында, маркум Садакбек уулу Азирет Калыгул Жусупов атындагы орто мектепте 9-класста окуп жаткан.

«Аябай жакшы окуган бала эле. 9-класстын окуучусу болчу. Сабактан калчу эмес. Мектепте премьер-министр болуп, коомдук жумуштарды аткарчу. Ал буга чейин Ат-Башыда орус мектепте 4 жыл окуптур. Андан кийин Бишкек шаарында 2 жыл окуган экен. Бизге 7-8-класстарында келип окуп баштаган. Мектепте тынч жүрчү.

Азирет дайынсыз жоголгондон бери сураштырып жаттык. Эмне үчүн үйүнөн кетип калгандыгы белгисиз. Бирок, таарынычтар менен үйүнөн качып кеткен деген сөздөр айтылууда», - деди мектеп директору Гүлайым Исакова.

Окуя тууралуу:

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылынын дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы тургуну Садакбек уулу Азиреттин жансыз денеси табылды. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 17:00 чамасында мал кайтарган жергиликтүү тургундар Жылан-Арык айылынын күн батыш тарабынан, тактап айтканда Нарын суусунун түндүк тарабындагы жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн.

Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана соттук-медициналык экспертизанын эксперти жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда андан күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Ошондой эле маркум 2018-жылдын 15-ноябрынан ушул күнгө чейин изделип жаткан Жылан-Арык айылынын дайынсыз жоголгон тургуну экени аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун жакындары милиция кызматкерлерине 2003-жылы туулган Азиреттин өлүмү боюнча арыз жазбай турганын жана эч кимге дооматы жок экенин айтышкан.

Буга чейин 2018-жылдын 17-ноябрында Нарын РИИБге Азиреттин апасы — 1977-жылы туулган Э.Нургүл кайрылып, уулу 15-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген эле.

64d821b76498b9d9f78ccebb228bf4ce_0_500_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×