Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.11.2018 10:44

Айыл турмушу: 8 келинди жумуш менен камсыздаган тигүүчү Э.Сазановага австралиялыктар да буйрутма беришет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 47 жаштагы тургуну Элмира Сазанова чакан тигүү цехин иштетип, киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элмира Сазанова мектепти аяктагандан кийин ушул эле айылга келин болгон. Ал бала кезинен тигүүчү болууну каалап, цех ачууну кыялданган. Кийинчерээк бул максаты ишке ашып, 8 келинди жумуш менен камсыздады.

«Мурда үйдөн эле кийизден бут кийимдерди тигип, дүкөнгө өткөрчүмүн. Кийинчерээк Казакстандагы жармаңкелерге чыга баштадым. Кыялдар орундалат деп айтышат. Өзүм эле тиге бербей, жаныма 2-3 кыз иштетип алсам деп ойлочумун. Долбоор аркылуу мага тигүү машиналарын беришти. Жомоктогудай болду, 8 машина менен иштеп калдык. Учурда 8 келин иштейт. Айлыктары ар кандай, сезондо жумасына 10 миң сомго чейин, эң аз дегенде 2 миң сом алышат. Буйрутмаларды алып, баарын тигебиз.

Учурда көбүнчө шырылган чапан тигип жатабыз. Башында шейшеп менен баштаганбыз, азыр куртка, жууркан, кийимдердин түрүн тигебиз. Айылдан, Бишкектен да буйрутмалар түшөт. Алматага чейин көргөзмөгө барып жатабыз. Шырылган чапандарга Австралиядан да буйрутма түшөт. Учурда балдарга кышкы кийимдерди тигип жатабыз», - деди ал.

Тигүүчүнүн 4 баласы жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×