Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.11.2018 17:29

Айыл турмушу: Жакындарымдан айрылганда бала бакчадагы балдар мени стресстен чыгарышты, - Г.Тойтукеева (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлбарчын Тойтукеева аталган айылда жарык дүйнөгө келген. Ал ушул эле айылдагы агасынын досу Алмазбек Сакыбаевге 19 жашында турмушка чыккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжинде 2 жыл билим алса, Нарындагы педагогикалык колледжинде сырттан окуу бөлүмүндө окуган.

«Мен Ак-Моюн айылында төрөлүп, балачагым ушул жерден өттү. 9-класска чейин Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде окуп, 9-класстан 11-класска чейин жогоруда аталган айылдагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектепти аяктадым. Бала кезимден ырчы болгум келип, бой жетип калганда дарыгер болууну кыялданып, ушул тилегимдин арты менен Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжинин фельдшер-акушер бөлүмүндө 2 жыл билим алгандан кийин турмушка чыгып, ал окуумду уланта албай калдым.

Жолдошумду мурда эле таанычумун. Ал менин бир тууган агамдын эң жакын досу болчу. Ошол кезде мени карындаш катары сыйлап, таза, тыкан жүргөнүн байкап жактыргам. Көрсө ал дагы мени жактырчу экен. Ага турмушка чыгам деп эч ойлогон эмесмин. Экөөбүз тең бир айылдан болобуз. Жолдошум көчөнүн аркы бетинде жашаса, мен берки бетинде жашачумун. Ата-энелерибиз дагы бирин-бири жакшы таанышчу. Алар мага айтпай эле өздөрүнчө чечишип, мени кудалап коюшуптур. Алмазбек (жолдошу) экөөбүз баш кошорго бир ай калганда кафеден жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ошентип бир айдан кийин баш кошуп, азыркы убакка чейин турмуштун ачуу-таттуу даамын биргеликте татып, түтүн булатып жашап келебиз. Биздин 2 кыз, бир уулубуз бар. Экөө студент болсо, көкүрөк күчүгүбүз мектепте окуйт.

Жаңы келин болуп барганымда кызыктуу күндөргө көп эле туш болдум. Бир жолу апамдын (кайненеси) таанышы отко чакырып калды. Мен апам менен кошо төргө өтүп, чай куйдуруп ичип жаткам. Апам мага акырын шыбырап "чайыңды ичип бүтүп, чай куюш" дегенинен аябай уялган элем. Мындай кызыктуу окуялар көп эле болду», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе айылдагы бала бакчаны 6 жылдан бери жетектеп келет.

«Нарын шаарындагы педагогикалык колледжин сырттан окуп, 2014-жылы башталгыч класстын мугалими адистигине ээ болдум. Айылыбыздагы "Тамчы булак" атындагы бала бакчасына иштөөгө чакырып, 3 жыл тарбиячынын жардамчысы жана тарбиячы болуп эмгектенип, 2012-жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келем. Жаңы жумушка киргенимде бала бакчада 4 сааттык кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында тайпа ачылган. Бала бакчада азыркыдай шарт жок болчу. Терезеден күнүгө шамал кирип, кагаз чаптасак аны учуруп кетип, кайра тагып жана үйдөн эски отургуч, столдорду алып келип сабак өтчүбүз. Тамак-ашка ата-энелерден айына 50 сомдон алсак ал жетпей калып, үйдөн азык-түлүк ташыган күндөр болгон. Көп эле кыйынчылыктар менен азыркы деңгээлге жетип отурабыз.

Бул жерде иштөө мага абдан жагат. Дарыгер болбой калганыма эч өкүнбөйм. Бала бакчада иштөө – мен үчүн эс алуу деп билем. Себеби, ар кандай кыйынчылыктарга учурап, чарчап, ооруп турсам дагы жумуштан балдарды көрүп, бардыгын унутуп коём. Акыркы жылдары жакын адамдарымдан айрылдым. Стресстен чыгарууда ушул балдар чоң жардамын берди», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе кагаздан түрдүү гүлдөрдү жасап, көптөн бери гүл өстүрүп келет. Мындан тышкары интернеттин жардамы менен балдарына жана өзүнө ылайыктап кийимдерди тигип, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ошондой эле комузда дагы кол ойнотот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×