Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.11.2018 11:16

Сүрөт: Дарыгер Айып Бейшеналиев студент кезинде төрөткөн аялдын кызы кийин өзүнө келин болгон

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Айып Бейшеналиев быйыл 80 жашка чыкты. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жаштар менен тең тайлашып иштеп келе жатат. Дарыгер студент кезинде төрөткөн аялдын кызы өзүнө келин болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Айып Бейшеналиев 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн айылындагы Кызыл-Туу колхозунда төрөлгөн. Ал кичинесинен эле дарыгер болууну эңсеп, максатына жетип, өз жерине келип, элине кызмат кылып жатат. Анын 2 уулу атасынын жолун жолдоп, дарыгер болушту. 1993-жылы «Эмгек сиңирген дарыгер» наамына татып, КРнын ардактуу ардагери, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун, Ат-Башы айылынын ардактуу атуулу, СССРдин саламаттыкты сактоонун отличниги болгон.

«1954-жылы мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда билим алып, аны 1961-жылы окуп бүтүрдүм. Ошол эле жылы Ат-Башы райондук ооруканасына терапевт болуп кедим. 1962-жылы башкы дарыгердин дарылоо боюнча орун басары болуп эмгектендим. 1971-жылы Ак-Талаа районуна башкы дарыгер кылып которушту. 1974-жылы кайрадан Ат-Башы районуна башкы дарыгер болуп келип, 1979-жылга чейин иштедим. 1979-1984-жылдарга чейин Нарын облустук ооруканасында иштеп, 1984-жылы кайрадан Ат-Башы ооруканасында башкы дарыгер болдум. 1993-жылы башкы дарыгерлик кызматты өткөрүп берип, районго дарыгер-фтизиатр болуп иштеп калдым. Бул кызматта райондо дарыгер жетишсиздигинен улам азыркы күнгө чейин иштеп келе жатам.

Медицина — мен үчүн ардактуу кесип. Азыркы кадр мурункуга салыштырмалуу аябай начар. Мурда мугалимдер аябай катуу кармап, күчтүү окутчу эле. Бүгүнкү күндө дарыгерлер байкагыч, сезгич эмес. Менин 2 балам дарыгер, 2 балам банкир, 1 кызым экономист», - деди ал.

Эмгек сиңирген дарыгер студент кезинде кабылган окуя тууралуу айтып берди. Ошол убакта ал 5-курста окуп жаткан. Ал өзү төрөткөн аялдын кызы кийин өзүнө келин болуп калганын эстеп, бир күлүп алды.

«Медициналык окуу жайда 5-курста окуп жүргөндө каникулга тарап, Ат-Башы районунун Казыбек айлында 3 ай иштедим. Ай сайын кокту-колотко барып мал тейлечү элем. Бир күнү бир сарайга барганда атым жинигип, талаада калдым. Элден "жиниккен аттын үстүнө кар үйсө жакшы болот" деп уккам. Чокоюм менен аттын үстүнө кар үйдүм. Болгон жок, айлам кетип, атты 4 бутуна тургуздум. Төрт чакырым алыста сарай бар экен. Ошого эптеп жеткирип, байлап койдум. 2 күн наар сызбайт, бир абышкадан чөп сурап барсам бербей койду. Бир маалда ошол сарайга бирөөлөр келе жатыптыр. Көрсө анын жанындагы аялдын кызы ал абышканын токолу экен. Абышкасыныкына ооруп келе жатыптыр. Аны көргөндө абышка аттын этегине чөптү салып, атка өзү алып барып баштады. Аны деле жеген жок. Атым баспай, айла жок ошол жерди айланып жүрө бердим. Ал кезде азыркыдай бир колдонуучу ийнелер жок болчу, кайнатма темир шприц бар эле. Бир кезде абышка мага карап, "эжең төрөп, жакшы болбой жатат" деди. Ыргып туруп, темир ийне менен дары сайдым, кан кетип, тону түшпөй жатты. Анда мен жаш болчумун. Баарын алып чыгып, төшөгүн салдырып, колумду кайра-кайра жууп, ичимден келме келтирип, киндикти кармап, колум менен тонду, уюган канды алдым. Дары, ысык чай берип, жылууласам ал эс алып, элге аралашып калды. Эми акушер-гинекологго көрүнүп койгула деп жолума кайттым.

Андан кийин ошол айылдагы мал доктур келип, баягы жиниккен аттын жинин чыгарып берген. Ал атты атканага өткөрүп бердим. Бул менин эң биринчи тажрыйбам. Дарыгер болуп диплом ала электе, 5-курста болгон окуя. 20 жыл өткөндөн кийин баягы мен төрөткөн аялдын кызын тууганыбыздын баласы келинчек кылып алып, мага келин болду», - деди ал.

Дарыгер 5 бала, 9 небере жана 1 чөбөрөнүн атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×