Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.11.2018 15:50 Жаңыланды: 16.11.2018 19:12

Айыл турмушу: Ат-Башыда картошкадан 70 тонна түшүм алган дыйкан Ж.Калбаевдин эмгеги текке кетти (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жолдошбек Калбаев быйыл картошкадан 70 тонна түшүм алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жолдошбек Калбаев 1962-жылы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепти бүтүп, өз айылында курулушта иштеп жүрүп, кийин жеке чарбачылык менен алек болуп кеткен.

Көп жылдан бери картошка өстүрүп жаткан дыйкан бул жылы башка жылдарга салыштырмалуу жакшы түшүм алган. Бирок эч кандай киреше болбой, кеткен чыгымдарын актабай калды.

«Мен көп жылдан бери картошка өстүрөм. Быйыл картошканын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу жакшы. Бирок баасы былтыркыга салыштырганда айырмасы асман менен жердей. Былтыр 19 сомдон сатсак, быйыл 6 сомдон айла жок берип жатабыз, баа болбой калды. Жалпы 2 гектар жерге картошка айдаганбыз, ал жерден 70 тонна түшүм алдык. Короого салчусун салып, жыйып койдук.

Баа жок 2 "КамАЗ" өткөрдүк, майдалап-чүйдөлөп да саттык. Киреше кирбей эле чыгымга учурадык, чыгымы 80 миң сом болду. Үрөн сатып алып, жерди ижарага алдык, ошондо өзүн жаппай калды. Былтыр 1 гектар жерге картошка айдап, 30 тонна түшүм алгам. Андан 300 миң сом киреше болгон. Быйыл 20 тонна үрөн алып койдум, бирок өстүргүм келбей калды», - деди ал.

Жолдошбек Калбаев быйылкы жылдын эсеби менен Ат-Башы району боюнча картошкадан түшүмдү жакшы алган дыйкан катары бааланган.

«Быйыл Ат-Башы районунун түшүм майрамында Ат-Башы райондук администрациясы бизди баалап, картошка боюнча алдыңкы дыйкан деп идиш-аяк, грамота берип, көңүлүбүздү көтөрүп коюшту», - деди ал.

Дыйкан үй-бүлөлүү, 2 кыз, 3 уул жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×