Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.11.2018 12:56 Жаңыланды: 16.11.2018 17:07

Кыргызстандын картасы, мамлекеттик туу жана оюу: Ат-башылык сүрөтчүнүн өзгөчө жасалган үйү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну Авазбек Турдумамбетов атайын билим албаса да өз алдынча сүрөт тартып келет. Ал үйүнүн шыбын да өзгөчө жасалгалаган. Аймактык кабарчы сүрөтчүнүн эмгектерин көрүп келди.

Авазбек Турдумамбетов 1975-жылы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда 4 бала, 3 неберенин атасы. Бул өнөр тубаса талант экенин белгилеген сүрөтчү үйүн улуттук стилде жасаган.

«Мектепте окуп жүргөндө калем сап менен эле сүрөт тартып койчумун. Кийинчерээк сүрөттү жакшы тартып кеттим. Балдарым да мени тартып, азыртадан сүрөттү жакшы тартышат. Үйүмдөгү шыптардын бардыгында патриоттук сезимди козгогон сүрөттөрдү түшүрдүм. Кыргызстандын желеги бардык жерде болушу керек. Үйгө келгендер чай ичпей эле, ушул шыпты карап отура беришет. "Үйүмө жасап берчи, топоз же башка бир нерсе беребиз" деп чакырып, сурангандар көп болот», - деди ал.

Сүрөтчү үйүндөгү шыптарга тартылган 3D форматында сүрөттөр тууралуу айтып берди.

«Эс алуучу бөлмөгө Кыргызстандын желегин түшүрдүм. Бул желекти жасаганыма 3 жыл болду. Баары так, желектин 40 нуру бар. Аны жасоого 15 күндөй убакыт кетти. Өңүн чыгара албай, бир топ убакыт короттум. Балдар бөлмөсүнө балдарым кайсы облус кайда жайгашканын күндө окуп, үйрөнсүн деген максатта Кыргызстандын картасын тарттым. Ал эми зал жана кире бериштеги бөлмөлөрдөгү шыпка дизайны мага таандык оюну түшүрдүм», - деди ал.

Авазбек Турдумамбетов: «Эгемендүүлүк күнүнө карата борбордук аянтка коюлган желек туура эмес жасалыптыр. Анын кемчилиги көзгө дароо урунат, анын нурлары түндүккө жабышып калган. Ошондой эле быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда президент сүйлөп жатканда артындагы чоң экранда желек желбиреп турду. Ал дагы туура эмес жасалган. Улуттук символика оюнчук эмес. Негизи нактасы кандай болсо, ошондой тартылышы керек», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×