Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусуКочкор району 16.11.2018 11:12

Кочкордо «Хонда Одиссей» кырсыкка кабылып, айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 15-ноябрда Кочкор районунда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жаракат алган айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:25 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында (Сүттүү-Булак тилкеси) катталган. Анда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришти. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жеңил жаракаттарды алган. Алар Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×