Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.11.2018 22:31

Айыл турмушу: Саяпкер Эламан Мамбеталиев күлүк таптоонун сыры менен бөлүштү (сүрөт)

Turmush -  50 жаштагы Эламан Мамбеталиев 15 жылдан бери таза кандуу жылкыларды таптап, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ата жолун жолдогон саяпкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Эламан Мамбеталиев 1968-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ал ат чабыштарга катышып, райондун гана эмес, Нарын облусунун намысын коргоп келет. Буга чейинки таптаган аттарынын бардыгы жакшы чыгып, алдыңкы орундарды алып, чемпион аталган. Акыркы 2 жылдан бери ал Трон деген аты менен ийгиликтерди багынтып жатат. Бирок ийгиликтери көп болгону менен аттарды таптоо да түйшүктү талап кыларын жашырбайт.

«15 жылдан бери ат кармап, таптап келем. Кичинекей кезимден бери эле ат чаап, ат менен чоңойдум. Ата-бабадан калган салтты улап келебиз. Атабыз мурда ат таптачу. Азыркы учурда Чүйдөн келген атты таптап жатам. Аны кулун кезинде 110 миң сомго сатып алып, 5 миң сомго сырткы кийимин тиктирдик. Атымдын аты Трон, азыр 2 жашта. Учурда жалпы таза кандуу 3 бээ, кунан жана тай бар. 4-5 жылдан бери облус боюнча чемпион аталып жатабыз. Быйыл да өзүбүздүн жана Талды-Суу айылындагы ат чабышта 1-орунду, райондун түшүм майрамында 2-орунду алдык», - деди ал.

Саяпкер атты кантип таптарын айтып берди.

«Бизде суук болгондуктан аттарды атканаларда жылуу жерге кармайбыз. Эртең менен саат алтыда чөп салып, жем беребиз. Түштө бастырып, чабышка 3 күн калганда тамагын азайтабыз. Жылуу жерге кармап, атты даярдайбыз. Ошондуктан алдыңкы орундарды алып жүрөбүз. Аттарды дайыма Чүйдөн кулун кезинде алып келебиз. Негизи атты кармоо оор, чөп кымбат. Жемин да тандап беребиз. Таптап жаткан аттардын жем-чөбү таза болушу керек, булар беде чөп жейт. Сылап-сыйпап, жууп-тазалап бакса жакшы чыгат», - деди саяпкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×