Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 14.11.2018 15:52 На русском

Сабак окуп отурганда каза болгон: Нарында студенттин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин студентинин өлүмү боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 5-ноябрында түнкү саат 00:55те Нарын ШИИБге Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн каза болгон студент тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Нарын ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда Борбордук Азия университетинин Нарын шаарындагы кампусунун жатаканасындагы бир бөлмөдө 1998-жылы туулган Т.Т. сабак окуй турган столдун үстүндө сабак окуп отурган боюнча каза болгону аныкталган. Анын денесине кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери байкалган эмес.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин Нарын шаарында Борбордук Азия университетинин студенти каза болгондугу маалымдалган эле. Аталган университеттин коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Акылбек Чымырбаевдин айтымында, ушул жылдын 5-ноябрында 2-курста окуган Т.Т. аттуу студент жатаканада каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына караганда, Т.Т. табигый себептерден улам көз жумган.

Аталган студент Борбордук Азия университетинин Нарын шаарындагы кампусунда экономика адистиги боюнча билим алып жаткан. Буга чейин ал Тажикстандын Хорог шаарындагы кампусунда окуган.

Акылбек Чымырбаев каза болгон студент Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан болорун жана соттук-медициналык экспертизанын толук жыйынтыгы бир нече күндөн кийин чыгарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×