Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Нарын облусу, Нарын 14.11.2018 12:06 На русском

Нарын шаардык сотунун судьясы А.Жоробековага кылмыш иш козголду

Turmush -  Башкы прокурор Нарын шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенип келген А.Жоробековага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 328-беренесинин (акыйкатсыз өкүм чыгаруу) негизинде козголду.

Буга чейин Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону маалым болгон. Буга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы Айнагүл Жоробекованы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук бергени негиз болгон эле.

Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын отуруму 2018-жылдын 7-сентябрында өттү. Анда айтылган маалымат боюнча, судья А.Жоробекова кылмыш иш козголбогонуна карабастан кызматтык милдеттеринен ашуу чабуу менен акыйкатсыз өкүм чыгарган. Муну менен ал жабырлануучу тараптын 4 мыйзамдуу өкүлүнө 10 миң сомдон айып салган.

Тартип комиссиясынын отурумуна чейинки сот отурумунда прокурордун сөзүн жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлдөрү бөлгөн. Аларга судья эскертүү бергенде сот залынан чыгып кетишкен. Муну судьяны сыйлабастык деп эсептеген А.Жоробекова аларга айып салган.

Комиссия мүчөлөрү жыйында толук маалымат уккандан кийин А.Жоробекованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга жана судьялык кызматтан убактылуу бошотууну президентке сунуштоого макулдук беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
36.92% (295)
«Бакай Банк»
34.42% (275)
«Капитал Банк»
10.64% (85)
...
Всего голосов: 799
×